Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

Аскар Акаев ШКУнун саммитине катышууда


БИШКЕК. Бүгүн Москвада Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити башталды. Ага президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегациясы катышууда. Бүгүнкү отурумда жыйындын туруктуу иштөөчү органдарынын ишин жөнгө салуучу документтер талкууланды. Кечээ президент А.Акаев Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао менен жолугуп, эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун маселелерин талкуулады. А.Акаев Кытай тарапты Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун оңдоо иштерине катышууга чакырды. Төрага Ху Цзиньтао Кытай өкмөтү ал жолду оңдоого 35 млн. юань берээрин жана кыргыз өкмөтүн мындан ары да колдоого алаарын билдирди. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG