Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕК АРА МАСЕЛЕЛЕРИ


28-майда өкмөт чек ара маселесине байланыштуу жабык эшик артында жыйын өткөрдү. Анда өлкөнүн кошуна мамлекеттер менен чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштеринин абалы талкууланды.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Алардын ичинен Кытай жана Казакстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча макулдашууларга президенттердин деңгээлинде кол коюлган. Анын ичинен кыргыз-кытай чек ара макулдашуулары эки мамлекеттин парламенти тарабынан ратификацияланган. Ошондуктан кыргыз-кытай чек арасын демаркациялоо иштери аяктоо алдында турат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, кыргыз-кытай чек арасынын 83% демаркацияланып, калган 17% быйыл аяктамакчы. Ал эми кыргыз-казак чек арасы боюнча макулдашууга 2001-жылы Астанада кол коюлган. Бирок бул макулдашуу кыргыз парламентине ратификациялоого бериле элек. Анын кечиктирилип жатышынын себебин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков мындайча түшүндүрдү:

- Бийлик атайын алып келбей жатат. Анткени бул келишимге кол коердо президентке «3 участокту Казакстанга бербегиле» деп сунуш кылганбыз. Ал Таластагы, Токмоктун тегерегиндеги участоктор. Бирок биздин сунуш эске алынган эмес. Токмоктогу 800 метр жердин Казакстанга өтүшү менен Бишкек-Каракол жолунан 800 метр жол Казакстанга өтүп калат. Ал жолдун эки башына казак тарап чек ара бекеттерин орноткондон кийин нары-бери каттаган элди текшерүүгө алып, кыйнайт. Биз ошондуктан ага каршы болгонбуз. Ушундан улам, «кыргыз-кытай чек ара макулдашуусу боюнча чатак салгандар азыр парламентте отурат, бул ирет да алар чатак чыгарып, баарын элге жеткирет» деп, өкмөт кыргыз-казак чек ара макулдашуусун ратификациялоого алып келбей жүрөт.

Ал эми Казакстан парламенти келишимди ратификациялап, чек арада демаркациялык иштерди жүргүзүүнү кыргыз тарапка сунуштады. Ошондуктан кыргыз өкмөтү да Казакстан менен чек араны демаркациялоого даярдык көрө баштаарын 28-майда маалымдады. Ошентип, Кыргызстандын чыгыштагы жана түндүктөгү мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан бекитүү аяктоо алдында турат.

Кыргызстан үчүн эми батыш менен түштүктөгү Өзбекстан жана Тажикстан менен мамлекеттик чек арасын тактап алуу маселеси турат. Эксперттердин пикиринде, өзгөчө Өзбекстан менен чек араны тактоо татаал болууда. Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаковдун айтымында, кыргыз-өзбек чек арасында 140ка жакын талаш участок бар. Алардын ичинде Сох анклавы, Кемпирабад суу сактагычынын айланасы, Алабукадагы Гавасай капчыгайы, Аксы районундагы участоктор жана Барак анклавы боюнча сүйлөшүүлөр татаал болуп, тараптар бир пикирге келүүдө кыйынчылыкка тушугууда. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, кыргыз-өзбек чек арасынын тогошкон тилкеси 1357 чакырым келип, 2000-жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында анын 1035 чакырымынын кайсы сызыктан өтөөрүнүн долбоору түзүлгөн. Долбоору түзүлгөн чек ара тилкесинин 677 чакырымы делегациялар деңгээлинде бекитилген. Эми калган 358 чакырымын бекитиш үчүн кошумча экспертиза жана макулдашуу талап кылынууда.

Ал эми Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн алгачкысы өткөн жылдын аягында Бишкекте өткөрүлдү. Андан кийин 2003-жылы Дүйшөмбү шаарында сүйлөшүүлөрдүн кезектеги бөлүгү өткөрүлгөн. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык жактан бекитүү боюнча укуктук негиздер, башкача айтканда чек ара сызыгын кайсы документтердин негизинде өткөрүү маселеси талкууланган. Бул маселеде Өзбекстан менен кайчы пикир болгондой эле, Тажикстан менен да бир пикир табылбай турат. Дүйшөмбү 1920-жылдардагы, ал эми кыргыз тарап 1950-жылдардагы документтердин негизинде чек араны бекитүүнү сунуштоодо. «Буга карабай, тажик тарап менен чек араны тактоо жеңилирээк болот, муну Алай районундагы Сарымогол жергеси боюнча эки тараптуу макулдашуу кабарлап турат», деп эсептейт депутат Исмаил Исаков. Жалпы узундугу 940 чакырым келген кыргыз-тажик чек арасында талаш туудурган 40ка жакын участок бар деген маалымат бар.

Юридикалык жактан бекитилип бүткөн кыргыз-кытай чек арасы боюнча боюнча да депутаттар арасында бир кылка пикир жок. «Бул келишим кыргыз парламентинде зордук менен ратификацияланган» деген Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаков, Кытайга өткөн Үзөңгүкууш баш болгон кыргыз жерлерин кайтарып алуу мүмкүн деп эсептейт.

- Кытайга кыргыз жерлери негизсиз өткөрүлүшүн далилдеген, биз алып чыккан документтер бар. Азыр Кытай Тайванды жана башка жерлерди «биздин жер» деп, кайта алып жаткандай, келечекте биздин уул-кыздар биз тапкан документтерге таянып, бул маселени көтөрүп, кыргыз жери болгон Үзөңгүкууш, Хантеңир участокторун кайтарып алууга тийиш, - дейт депутат Исмаил Исаков. Ал эми тышкы иштер министри Аскар Айтматов бул маселе акыр-аягына чейин толук чечилип, ал Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келээрин билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG