Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

КЫРГЫЗ АРМИЯСЫНДА КЫЗМАТ ӨТӨШ ҮЧҮН ПАРА БЕРГЕН УЧУРЛАР БАЙКАЛА ЭЛЕК


Чолпон Орозобекова, Бишкек 29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Бул датага карата Коргоо министрлиги машыгууларды өткөрүп, президент А. Акаев айрым аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз армиясында 10 миңден ашуун жоокер бар. Муну таптакыр аз деп нааразы болгон да, «Кыргызстан өңдүү чакан өлкө үчүн көптүк кылат» деген да пикирлер бар. Бирок, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу кыргыз армиясы чакан, ошол эле учурда ал азыркыдан оңураак камкордукка муктаж.

22-май күнү Куралдуу күчтөрдүн катарындагы аскерлерге жана сержанттарга жеңилдиктерди көбөйтүү тууралуу токтомго кол коюп, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов 2003-жылы 1-июлдан баштап аскерлер менен сержанттардын айлыгын эки эсе көбөйттү. Ошондой эле бул токтомго ылайык аскерде кызмат өтөгөн улан Куралдуу күчтөрдүн бекемделиши үчүн кажет болгон тигил же бул кесипке ээ болушу үчүн жогорку окуу жайына тапшырып жатса, талаптагыдан 20% төмөн балл менен окууга оңой өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Ислам Каримов быйыл өкмөттүн атайын эсебинен 2 миллиард сумду өзбек армиясын багууга жана техникалык жактан камсыз кылууга жумшамак болду. Буга чейин өзбек бийлиги аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн 1 жылга кыскарткан. Армиядагы кызмат Өзбекстандын жарандарына Салык инспекциясы, атайын кызмат өңдүү мамлекеттик кызматка жумушка орношууга жеңилдик берет дешет. Учурда бул өлкөдө аскерде жигиттик милдетин өтөө - чоң кадыр-барк. «АКИ-пресс» маалымат агенттиги «Өзбекстанда мурда аскерден калыш үчүн пара беришсе, эми аскерде кызмат өтөш үчүн аскер комитетиндегилерди паралашат» деп жазды.

Ушундай эле жагдайды Казакстандан да байкоого болот. Улуу Британиянын Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту казак армиясы туурасында кенен макала жарыялаган. Даур Досыбиевдин Чымкент шаарынан жазганына караганда, колу-жолу бош, жумуш таппаган жигиттер оор дарты болсо да доктурларга пара берип атып, медициналык кароодон ийгиликтүү өтүп, армияда кызмат кылышууда. Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту ырастагандай, Жезказган өңдүү алыскы дубандарда жашаган жигиттер жумушсуздук менен жакырчылыктан кутулуш үчүн өзү оорукчан болсо да аскерге кетүүнү эңсешет.

Азырынча Кыргызстанда аскерге барыш үчүн пара берүү тенденциясы байкалбайт. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Кыргызстанда алигүнчө элде акча берип, акыркы коюн берип да болсо баласын аскерден алып калууга далалат бар» дейт. Жакында эле Жогорку Кеңеш чоң коомдук угуу уюштуруп талкууга алган «дедовщина» сыңары уставга туура келбеген мамилелер, тамак-аштын начардыгы, жада калса аскерлердин эскилиги жеткен жыртык төшөнчүдө укташы да кыргыз жигиттеринин көкүрөгүндөгү аскердик кызматка кызыгуусун жоготуп атат.

Расмий статмаалыматка кайрылсак, кыргыз элинин 70% жакырчылыкта жашайт. Эгер 1990-жылы ички дүң продукт ар бир жаранга 1,5 миң доллардан туура келсе, азыр ал 300 гана доллар болуп калды. Демек, бул Кыргызстандын элинин жашоо-турмушу бир кыйла начарлап калды деген кеп. Кыргыз Улуттук гвардиясынын кол башчысы генерал Абдыгул Чотбаев элеттен келген ата-энелер жакыр турмуштун жана жумушсуздуктун айынан акыркы кездери аскердеги мөөнөтү аяктаган уулун кызматта калтыра турууну суранган учурлар да болоорун билдирди.

- Мага алыскы айылдардан ата-энелер келген учурлар болот. «Балам кандай кызмат кылды?» - деп кызыгып сурашат. Сөз аягында «балам эми айылга барып көчө таптайт, жумуш жок» дешет же «жашоо-турмушубуз начар, берки балдарымды араң багып атам» дешет. Анан сурангандары ушу, «баламдын мөөнөтү бүтсө да аскерде алып калчы» дешет. «Айылда балдар менен солоктоп бош жүргүчө армияда жүргөнү пайдалуураак» дешет. Мындай окуялар акыркы убакта көп эле кайталанып калды, - дейт генерал Чотбаев.

Бирок, бул көрүнүш кыргыз армиясында абал жакшырды дегенди билдирбейт. Улуттук гвардия мамлекет башчысына түздөн-түз тиешелүү аскердик бөлүк болгону менен, аскерлердин карды тойбойт.

- Азыр биздин аскерлер шекери жок чай ичип, сууга бышырылган ботко жеп атышат. Улуттук гвардия катары деле ашыкча каражат бөлүнбөйт. «Президенттин алдындагы гвардия болсок» деп, өзүбүз демөөрчү издеп жардам таап, кичине дурусураак көрүнүп атабыз. Коргоо министрлигине караганда айлыгыбыз эки эсе аз, - дейт Чотбаев мырза.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов «кыргыздын жигиттери кийинчерээк аскерде кызмат өтөөдөн качпай калышты» деп эсептейт. Ал армиядан качууга түрткү болчу бир нече шарттарды белгиледи. Анын пикиринде, патриоттук тарбиялоодо да мүчүлүштүктөр арбын. Бирок, жогорку окуу жайларында бир топ жаштар билим алып аткандыктан, өкмөт студенттерди аскердик кызматка барууга мажбурлап, окуусуна тоскоолдук кыла албастыгын билдирди.

29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Бул майрамга карата президент А.Акаевдин катышуусу менен 27-майда Кыргызстандын тез аракеттенүүчү күчтөрү машыгуу өткөрүштү. Коргоо министрлигинин «Алатоо» окуу борборундагы бул машыгуу учурунда Аскар Акаев «Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилиги армияга болгон мамилесин түп-тамырынан өзгөрткөнү оң» деген пикирин айтты. Анын айтымында, мамлекеттин тышкы жана ички коопсуздугу үчүн армияны бекемдөө зарылдыгын Кыргызстан Баткен окуясынан кийин аңдады.

XS
SM
MD
LG