Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Эртең Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзе Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесине барат


Мындан мурдараак Грузиянын козголоңчул жумурияты Абхазияга Орусиянын жан тартып жатканына нааразы болгон Шеварднадзе Петербургдун 300-жылдык тоюна барбайт экен деген имиштер тараган болчу. Кечээ Шеварднадзенин басма сөз катчысы Каха Имнадзе Абхазияга Грузиядан көз карандысыз мамлекет сыңары мамиле кылуу менен Орусия КМШнын мыйзамдарын бузуп жатат деп билдирген. Катчы жакында абхаз делегациясынын Санкт-Петербугга барып, Орусиянын жетекчилиги менен экономикалык жана маданий байланыштарды түзүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзгөнүнө басым жасаган. Орусиянын ИТАР-ТАСС кабар агенттиги Абхазияга Петербугдун мааракесине расмий чакыруу берилбегинин билдирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG