Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлү Уильям Бөрнс Мисирге келди


Визит келерки жумада араб өлкөлөрүнүн Мисирдин Шарм-ел-Шейк курорттук шаарында өтө турган саммитине карата жасалууда. Саммитке АКШнын президенти Жордж Буш катышат. Жыйынга ошондой эле Сауд Арабиянын мураскор шахзаадасы Абдулла бин Абдел Азиз, Иорданиянын падышасы Абдулла, Бахрейндин падышасы Хамад, Марокконун падышасы Мохамад жана палестин премьер-министри Махмуд Аббас чакырылган. Саммитте региондо уланып жаткан зордукчул аракеттерди токтотуунун жана тынчтык жараянын жандантуунун жолдору талкууланат. Шаршемби күнү Буш Израилдин жана Палестин автономиясынын премьер-министрлери Шарон жана Аббас менен Иорданияда жолугушат.

XS
SM
MD
LG