Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

АКШ Иранды өзөктүк программасы үчүн айыптоодон мурда МАГАТЭнин иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарын күтүүгө тийиш


Бул пикирин бүгүн Орусиянын тышкы иштер министрлиги билдирди. АКШнын администрациясы мунайга бай Иранды өзөктүк программасын өнүктүрүүдө жана өзөктүк куралдарды жасоого аракетенүүдө деп айыптап жатат.16-чы июнда Венадагы баш кеңседе Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин башчысы Мохамед Эл-Барадей Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө баяндама жасайт. АКШы президентинин кеңешчиси Кондолиза Райс Ирандын өзөктүк программасы жаатындагы маселе Жордж Буш менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Петербургда ушул аптанын аягында боло турган жолугушуусунда көтөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG