Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Иракта тамакты тойо жебегендиктен жабыркаган балдардын саны кеминде эки эсеге көбөйдү


Улуттар Уюумунун балдар корунун өкүлү Жеффри Киил Иракта ачкалыктан жабыркаган балдардын саны 8 процентке жеткенин билдирип, балдардын тамакты тойо жебегени алардын жалпы ден соолугунун начарлап кетишине алып келгенин айтты. Кордун айтымында, согушка чейин тамакты тойо жебегенден бир миллион, ал эми ачарчылыктан 250 миң бала жабыркап келген. Ирактын калкына күнүнө 2 жарым миллион литр таза суу таратып жаткан ЮНИСЕФ Багдаддын таза суу менен камсыз кылуучу системасынын 40 проценти иштен чыгып калган абалда экенин билдирет.

XS
SM
MD
LG