Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:30

Иерусалимде кечээ жөөт жана палестин өкмөт башчылары жолугушту


Ариэл Шарон менен Махмуд Аббастын сүйлөшүүлөрү үч жарым саатка созулду. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Израил өкмөтү билдирүү жасап, Шарон жакын аралыкта жөөт аскерлерин Газа тилкесинен жана Иордандын батыш жээгиндеги палестин шаарларынан чыгарганга буйрук бериши ыктымал деп билдирди. Бул үчүн палестин өкмөтү терроризмди ооздуктоого,экстремисттик топторду таркатып, алардын активисттерин кармап, камакка алууга тийиш. Сүйлөшүүлөрдү эки тарап тең ийгиликтүү болду деп ырасташты. Эмдиги аптада Шарон менен Аббас “жол картасы” деп аталган эл аралык планды АКШнын президенти Жорж Буш менен талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG