Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03

Британ премьери Тони Блэр бүгүн Варшавада сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Польшанын президенти Александр Квасниевски, өкмөт башчысы Лешек Миллер менен жолугуп, андан соң Варшавадагы жыйында атайын сөз сүйлөйт. Андан соң Блэр Санкт-Петербургда Евросоюз менен Россиянын саммитине катышат. Британ премьери Эвиандагы саммиттен соң Лондонго кайтат. Бул жолку сапарында Блэр АКШ менен Европанын ортосундагы алакаларды талкуулап, ирак кризисинен келип чыккан пикир келишпестиктерди четтеткенге көмөктөшүүнү көздөп жатат. Кечээ ал Ирактын түштүгүндө британдык аскерлердин базасында болуп, алардын жашоо-жагдайы, согуштан кийинки жалпы кырдаал менен таанышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG