Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ИРАКТЫН КЕҢИРИ КЫРУУЧУ КУРАЛЫН ТАБУУ ОҢОЙ ЭМЕС


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Ирактагы согуш "куру шылтоо" алдында башталган эмес, Саддам Хусейндин коркунучтуу куралы эртели-кеч табылат деп билдирди. "Ирактын массалык кыргын салуучу куралы деги болгонбу?" деген суроонун тегерегинде ар түрдүү күдүң кептер айтылууда.

Бейшембиде Иракка таратылчу радиого берген маегинде Пентагондун жетекчиси Доналд Рамсфелд Саддамга каршы согуш "жасалма шылтоо" алдында башталбаганын акыры бир күнү биз далилдейбиз деп ишендире кетти. "Саддамдын тушунда Ирактын химиялык, биологиялык куралдары бар болгону шексиз, андан тышкары ал кезде Ирак өкмөтү өзөктүк куралдар программасын өнүктүрө баштаган, бирок андай куралды жасоого жетише алган жок", - деп улантты сөзүн Рамсфелд.


АКШ менен Британиянын атайын кызматтарынын өкүлдөрү Иракта массалык кыргын салуучу курал издей баштаганына жети жумага айланып бараткандыктан, "Саддамдын андай кооптуу куралы деги болгонбу?" деген суроонун тегерегинде түрдүү кептер тарай баштады. Ушул аптада атын атагысы келбеген британиялык чалгынчы Би-би-си жарыялаган интервьюсунда сентябрь айында Лондон Ирактын кеңири кыруучу куралдар программасы жөнүндөгү докладына британ өкмөтүнүн талабы боюнча айрым кошумча маалыматтарды атайлап киргизип койгонун айтып чыкты. Анын айтымында, Тони Блэрдин өкмөтүнүн кысымы алдында ал докладда Ирактын 45 мүнөт ичинде колдонулчу кооптуу куралы бар деген апыртма кеп айтылган. Блэр Иракка каршы согуш башталаар алдында парламентте сүйлөгөн сөзүндө дал ушул докладда айтылгандарга шилтеме жасаган болчу.

Британиянын чалгындоо кызматынын башка өкүлдөрү Би-би-сиге ымандай сырын төккөн кызматкердин маалыматын төгүндөп, өткөн күздөгү докладда айтылгандар анча ишеничсиз булактын маалыматына негизделген деп моюнга алышты. Ага удаа АКШнын Коргоо министринин орун басары Пол Волфовиц "Vanity Fair" басылмасында жарык көргөн интервьюсунда: "Айрым бюрократиялык себептерден улам, биз Ирактын массалык кыргын салуучу куралын башкы себеп катары тандаганбыз, анткени мындай олуттуу себепке ким болбосун ийимек", - деп Саддамдын коркунучунан күмөн санагандардын чырагына май тамызды.


Ушундай бир катар жагдайлардан улам маселеге тактык киргизүүнү көздөгөн АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд Саддам Хусейн 3 жолдун бирин пайдаланган болушу мүмкүн, биринчиси - ал массалык кыргын салуучу курал программасын кагазга жазып даярдап, зарыл учурда аны ишке ашырууну пландаштырган, экинчиси - андай опурталдуу куралдарын абдан бекем каткан, же болбосо коңшулаш өлкөлөрдүн бирине алып чыгып кеткен деген пикирин маалымдады. "Жеке менин ишенимимде, биз Ирактын кооптуу куралын жакында сөзсүз табабыз", - деп белгиледи Пентагондун башчысы.


1991-жылкы Перси булуңундагы согуштан кийин эл аралык инспекторлор Ирактын химиялык, биологиялык жана өзөктүк куралдар программаларынын бетин ачышкан. Андан тышкары Багдад 80-жылдары ирактык күрттөр менен Иранга каршы химиялык курал колдонгону көпчүлүккө маалым. Кийинчерээк Садам Хусеиндин өкмөтү кооптуу куралдарды өнүктүрүү программасы болгонун моюнга алып, бирок алардын баарын жок кылдык деп ишендирүүгө аракет жасаган. Багдадга ишенбей, ал куралга каршы согуш баштаган коалициянын анабашы АКШнын коргоо министри ушул аптада Иракта биологиялык куралдын компоненттери катары шектелген заттар кармалганын маалымдап, "Саддамдын коркунучтуу куралын издөөгө киришкенибизге бир жарым ай гана болду, Ирак – чоң өлкө, ашыкпай тургула", - деп дагы бир ирет катуу эскерте кетти.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG