Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Чеченстан менен Испанияда жаңы террор аракеттери ишке ашырылды


Чеченстандын борбор калаасы Грозный шаарында 30-май күнү эртең менен бир автобуста жардыруу болду. Шаардын мэринин айтымында, ар террордук аракеттен улам жарылган жана андан үч адам курман болуп, дагы сегиз киши жарат алды. Май айынын башында Чеченстанда эки ири террор аракети ишке ашып, андан 78 адам набыт болгон. Испаниянын Сангуэса шаарында дагы 30-майда бир машинеде жардыруу болуп, андан эки адам мерт кетти. Баск террорчулары 1960-жылдардан бери сегиз жүздөн ашык адамды өлтүрдү.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG