Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Ошто граната менен эки адам кармалды


ОШ. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Биринчи окуя боюнча 27-майда Ош шаарынын Павел Смирнов аттуу тургуну шектелип, саат 16.30 чамасында Ош шаарынын Ноокат көчөсүндө милициянын кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынды. Натыйжада анын сумкасынын «Ф-1» үлгүсүндөгү граната, «УЗИ-РМГ-2» үлгүсүндөгү гранатанын оттугу, (запалы) табылган. Экинчи окуя боюнча, кечээ күнү шектелип тинтүүгө алынган Ош шаарынын тургуну Салибай Машаевдин үйүнөн да «УЗИ-РМГ-2» үлгүсүндөгү граната табылган. Экөөнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, азыр абакта сурак берип жатышат. Алгачкы тергөө маалыматтары боюнча, граната катып алып жүрүшкөн Павел Смирнов менен Салибай Машаев бири-бирин тааныбайт.

XS
SM
MD
LG