Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:24

Кыргызстанга швейцариялык бизнесмендер келишти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Швейцариянын Неккерталь шаарындагы «Ротари-клубдун» 20 ишкер-мүчөсү келди. Ишкерлер бул коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Нарын облусунун Кочкор районунда айыл-чарба багытындагы окуу жайына көмөк көрсөтүү программасын ишке ашырууну көздөшөт. Ишкерлер Бишкек шаарында болуп, Эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Роза Акназарова, Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана ишкерлер менен жолугушат. «Ротари-клубдун» түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгынын урматына атайын программа менен сапарга чыккан швейцариялык ишкерлердин сапары 2-июнда соңуна чыгат. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинен алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG