Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Эл аралык уюм Кыргызстандагы башкы проблема коррупция экенин билдирди


БИШКЕК. «International crises group» эл аралык уюму өзүнүн акыркы докладында Кыргызстанда коррупция башкы проблема экенин жазып чыкты. Докладда көрсөтүлгөнгө караганда, экономиканын айрым бөлүгү жана айрым аймактар кылмыштуу топтордун карамагына өткөн. «Ар кыл бейформал структураларга туруштук берүүгө мамлекеттин жөндөмсүздүгү Борбордук Азиядагы бардык инвестициялык программаларга эскертүү болот» деп айтылат докладда. Эл аралык уюм Кыргызстандын экономикалык жылыштарын белгилеген. Бирок, эгер коррупцияга каршы күрөш күчөтүлсө жана президенттин туугандары, достору өлкөнүн пайдалуу тармактарын көзөмөлгө алуу дымагын азайтса, экономикада мындан да жакшы жылыштар болоорун билдирген. Эл аралык уюмдун докладына байланышкан мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG