Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Эки жарым айга созулган талкуудан кийин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамды бейшембиде кабыл алды.

Кабыл алынган «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам Жалпы жана Өзгөчө бөлүктөн турат. Өз кезегинде бул эки негизги бөлүк 5 бөлүмдөн жана 700дөн ашуун беренелерден куралат. Адегенде регламент жөнүндөгү үч мыйзам долбоору даярдалган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, Эл өкүлдөр жыйыны жана депутат Ишенбай Кадырбеков тарабынан даярдалган долбоорлор сунушталган. Бирок алгачкы талкуунун жүрүшүндө алар бир долбоорго бириктирилген. Кабыл алынган мыйзамдын өзгөчөлүгү тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев буларды билдирди:

- Регламент мыйзам иретинде биринчи жолу кабыл алынууда. Мурда регламент деген жөнөкөй эле нормативдик акт болчу. Эми Конституциянын жаңы редакциясына ылайык мыйзам иретинде кабыл алынып, статусу, деңгээли жогорулады. Андан тышкары, парламенттин иштөө тартиби өзгөрүп, мыйзам долбоорун даярдоонун, кабыл алуунун жоопкерчилиги жогорулады. Ошондой эле депутаттардын добуш берүү, отурумдарга катышуу, иштөө тартиби күчөтүлдү.

«Эми президент мыйзамга кол койгондон кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын структурасы өзгөрөбү, комитеттер Конституциянын талабына ылайык кайра түзүлөбү, дегеле кабыл алынган регламент жөнүндөгү мыйзамга президент кол коебу?» деген суроолор пайда болууда. Бул суроолорго президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев мындай жооп берди:

- Менимче, эми мыйзам президенттин юридикалык бөлүмүнөн экспертизадан өтөт. Анан эгерде президенттин колдоосуна ээ болсо, андан кийин регламент жөнүндөгү мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин структурасы өзгөрүшү керек.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаров «регламент жөнүндөгү мыйзамга президент вето коюп кайтарышы мүмкүн» деп, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз регламент жөнүндөгү мыйзамды аябай талкуулап, ага Конституциядагы кемчиликтерди киргизген жокпуз. Ошондуктан Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыккан эксперттик топ, «кээ бир нерселер Конституцияга каршы келип калды» деп, өз учурунда айтып чыгат. Мисалы, мен иштеп чыккан депутаттын кол тийбестигине байланыштуу бөлүктө, «депутаттар депутаттык ыйгарым укугу бүткөн кезде да, депутат кезинде айткан сөзүнө жооп бербейт» деген норманы киргиздик. Буга президент тарап каршы. Экинчиден, «чек арага байланыштуу маселелер кеминде эки окуудан кийин кабыл алынышы керек» деген норманы киргиздик. Муну Үзөңгүкууш кайталанбасын деп жасадык. Буга да президенттин администрациясы каршы болду. Ага карабай депутаттар көпчүлүк добуш менен бекитип коюшту. Андан башка да көп маселелер боюнча мыйзам кайра кайтарылышы мүмкүн.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, өкмөт салыктардын кээ бир түрлөрүн киргизе алат. Бирок, депутат Ишенбай Кадырбековдун айтымында, бул маселе регламентте өзүнчө чечилген, ал өзгөчөлүктөр ишти татаалдантышы мүмкүн.

- Конституцияда каралган бардык нормаларды регламентке киргиздик. Бирок аны аткаруу механизмдерин татаал кылып койдук. Мисалы, «Жогорку Кеңештин укугу өкмөткө берилет» деген норма Конституцияга жазылып калган. Бул жерди биз «эгерде депутаттардын баары макул болсо гана Жогорку Кеңештин укугу өкмөткө берилет» деп жазып койдук. Мына ушундай маселелерге президент кандай карайт, белгисиз, - деди Ишенбай Кадырбеков.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, регламент жөнүндөгү мыйзамга кол коюлгандан кийин палатанын структурасы өзгөрүп, ал кабыл алынган мыйзамга жана Конституцияга ылайык түзүлүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG