Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Вашингтон Израил менен Палестина “жол картасы” планы боюнча макулдашууга жетишет деп үмүттөнөт


Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл билдирди. Ал жөөт премьери Ариэл Шарон менен палестин кабинет башчысы Махмуд Аббастын Иерусалимдеги сүйлөшүүлөрүн пайдалуу жолугушуу деп атады. Пауэлл ошону менен бирге эки тарапка аталган планды жүзөгө ашырууда жардамдашуу максатында Вашингтон жакын аралыкта координациялык топ түзгөнү жаткандыгын бышыктады. Мамлекеттик катчы азыр президент Бушту коштоп жүрөт. Эмдиги аптанын шейшембисинде Иорданияда Буш жөөт жана палестин өкмөт башчылары менен жолугуп, ”жол картасы” планын жүзөгө ашыруу жолдорун талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG