Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:28

Санкт-Петербургда бүгүн Евросоюз менен Россиянын саммити ачылат


Ага Евросоюздун азыркы мүчөлөрү менен бирге шаркетке талапкерленген европалык он өлкөнүн делегация башчылары да катышат. Жыйында орток экономикалык зона түзүүнүн перспективасы талкууланат. Бул маселе боюнча даярдалып жаткан документтин корутунду долбоору ушул жылдын ноябрындагы кезектеги саммитте каралышы керек. Мындан тышкары визасыз карым-катнаштардын, инвестиция жана соода-сатык, мыйзамсыз иммиграция, уюмдашкан кылмышка каршы күрөшүү жана башка маселелер каралат. Орус президент Путин Евросоюздун лидерлери менен биргелешкен коммюникеге жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү макулдашууга кол коет.

XS
SM
MD
LG