Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Санкт-Петербургга кырктан ашуун чет өлкөлүк президенттер жана премьер-министрлер келишти


Алардын арасында Британиянын премьери Тони Блэр, Франциянын президенти Жак Ширак, Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр жана башка лидерлер бар. Бүгүн Санкт-Петербургга Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш келет. Дүйнөлүк лидерлер Санкт-Петербург шаарынын үч жүз жылдык мааракесине байланыштуу майрамдык иш чараларга катышат. Мааракеге катарлаш ар түрдүү эл аралык форумдар да өтүп жатат. Кечээ бул жерде КМШ өлкөлөрүнүн бейырасмий саммити болуп өттү.

XS
SM
MD
LG