Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:52

Чеченстандагы кагылышууларда эки орусиялык аскер окко учту


31-майга караган түнү Чеченстан менен Ингушетия ортосундагы чек арага жакын жерде куралдуу кагылышуу болуп, эки орусиялык аскер окко учуп, дагы бир нечеси жарат алды. Орус аскерлери чек арага жакын Датух аттуу айылдын алдында чечен буктурмасына кабылган. Буктурмада калгандарга жардамга башка аскерлер жиберилгенде, алар минага жарылып, эки аскер жана бир милициячы жарат алды. Анын алдында болсо Грозный шаарында радиомина жарылып, үч орусиялык аскер набыт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG