Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

АКШ - Иран жетекчилигинин алмашканына кызыкдар


"Файнэншл таймс" гезитинде ишемби күнү жарык көргөн маегинде АКШ президентинин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс - Ирандын азыркы жетекчилиги алмашылса жакшы болмок деп билдирди. Анын айтымында, Иран өзүнүн азыркы эл аралык терроризмди колдогон жана өзөктүк куралга ээ болууга умтулган саясатын өзгөртсө, АКШ аны кубаттамак, ошондуктан өлкөдө эркин жаңы шайлоо өткөрүлсө жакшы болоор эле. Америкалык генералдардын айтымында, "Аль-Каида" аттуу террордук уюмдун кээ бир жоокерлери азыр Иранда жашынууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG