Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

АКШ президенти Польшада - согуштан калган концлагерлерге барды


АКШ президенти Жорж Буш 30-май күнү кечинде Польшага келип, ишемби күнү - Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда өлкөдө курулган Аушвиц жана Биркенау аттуу концлагерлерге жубайы Лора менен кошо барды. Бул эки лагерде согуш учурунда бир жарым миллион жөөт жана он миңдеген башка улуттагы адам өлтүрүлгөн. Түштөн кийин Краков шаарындагы жыйында чыгып сүйлөп, Буш - НАТО уюмунун күчтүү болушуна АКШ кызыкдар деп билдирди. Кечинде Буш Польша президенти Александр Квасневски менен менен жолуккандан кийин Санкт-Петербургга келди жана шаардын мааракесин белгилөөгө катышат. Эртең ал президент Владимир Путин менен жолуккандан кийин, Франицянын Эвиан шаарында өтүп жаткан дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттеринин жыйынына барат.

XS
SM
MD
LG