Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Аксуу районунда кайрымдуулук акциялары өттү


КАРАКОЛ. Аксуу районундагы жетим балдар жатак үйүндө уюштурулган кайрымдуулук акциясына облус губернатору Эмилбек Анапияев, райондордун акимдери жана шаар башчылары катышып, жатак үйдөгү 122 баланын ар бирине жайкы бут кийим жана башка материалдык жардамдарды беришти. Ал эми бул райондун Маман айылындагы балдардын ден-соолугун чыңдоочу мекемеде өткөрүлгөн марафондон түшкөн акча каражаттары айылдагы 38 майып баланын керегине жумшалмакчы. Азыр облуста жетим калган, же ата-энелери тирүү туруп эле кароосуз калган 200дөн ашуун бала бар. Алдын-ала маалыматтар боюнча, Каракол шаарындагы «Каракол даамы» коомдук уюмунун базасында кароосуз балдарды реабилитациялоо борбору ачылмакчы.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG