Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Жорж Сорос Кыргызстанга 3-июнда келмек болду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин чакыруусу менен Бишкекке 3-июнда белгилүү финансист Жорж Сорос келет. Эки күнгө белгиленген иш сапарынын учурунда ал Борбордук Азиядагы Америка университетинин 10 жылдыгына арналган салтанатка катышат. Америка университетинин тараткан маалыматына караганда, 150 бүтүрүүчүгө Жорж Сорос 4-июнда диплом тапшырат. Иш сапарынын учурунда Ж. Сорос университеттин АКШ менен «Сорос» фондунун көмөгү менен курулмакчы болгон жатаканасынын жана конференц-борборунун курулушунун башталышына да катышат. Ошондой эле ал «Кыргызстан-Сорос» фондунун иш багыттары менен таанышат. Ал президент А. Акаев баш болгон бийлик өкүлдөрү менен да жолугушаары күтүлөт. «Ачык коом» институтун негиздеген финансист азыр 24 өлкөдө кайрымдуулук фонддорун каржылайт.

XS
SM
MD
LG