Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Кыргызстан НАТОнун Мадрид жолугушуусуна катышат


БИШКЕК. 3-4-июнда Мадридде НАТОнун Евро-Атлантикалык өнөктөштүк кеңешине кирген өнөктөш жана мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Анда саясий коопсуздук маселелеринин алкагындагы кызматташтык багыттары талкууланат. Жыйындын күн тартибинде «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында НАТОнун Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташтыгын кеңейтүү маселеси да бар. Бул жолугушууга Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Талант Кушчубеков жетектеп барат. Кыргыз делегациясы жыйындын алкагында Испаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, алар менен Кыргызстанга түз инвестиция тартуу маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG