Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Тышкы иштер министрлиги казакстандык гезиттин маалыматын төгүндөдү


БИШКЕК. Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Орусиянын жарандары «Өз ара визасыз каттамдар жөнүндөгү» 2000-жылдын 30-ноябрында кол коюлган макулдашууга ылайык жарандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде гана ары-бери каттоо укугуна ээ. Демек, Казакстандын айрым массалык маалымат каражаттарындагы «Ысыккөлгө катташ үчүн чет элдик паспорт керек» деген маалыматтар чындыкка туура келбейт. Кечээ Тышкы иштер министрлиги ушундай билдирүү таратты. Анткени казакстандык «Экспресс-К» гезитине жарыяланган «Проблемалар көлү» аттуу макалада «Кыргызстандын аймагына казак жарандары чет өлкөлүк паспорту болмоюнча кире албастыгы» жөнүндө жазылган. Премьер-министр Николай Танаевдин жакынкы маалымат жыйынында айтканына караганда, курорттук маалга байланыштуу натуура маалыматтарды таратуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Анын айтымында, былтыр Казакстандын маалымат каражаттары тараткан ушундай жалган билдирүүнүн кесепетинен улам орусиялык туристтер 1000 жолдомону кайра кайтарып беришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG