Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Баткен окуясында күнөөлүү деп табылган адам түрмөдөн качты


БИШКЕК. 28-май күнү Ош облустук сотунун өкүмүнөн кийин милициянын автомашинасында убактылуу кармоочу жайга алынып келаткан жеринен Ош шаарынын тургуну, 1971-жылы туулган Ядгар Рахманбердиев качып кеткен жана аны издөө иштери уланууда. Мындай маалымат Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдон алынды. Ядгар Рахманбердиев «1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларында жоочулар тарапта болуп, террордук куралдуу уюмдун ишине көмөктөшкөн» деп, Ош облустук соту тарабынан 28-майда күнү 18 жылга эркинен ажыратылган жана ошол эле күнү качып кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG