Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү жасады


БИШКЕК. «Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кыргыз өкмөтүнүн дарегине айтылган сын-пикирлер үчүн айрым депутаттарды сотко берээрин премьер-министр расмий билдирген эмес». Премьер-министрдин маалымат кызматы бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда белгиленгенге караганда, Николай Танаев селектордук жыйында депутат Азимбек Бекназаровдун Жалалабад окуясына байланыштуу дооматына карата өз пикирин айткан. «Премьер, эгер депутаттын сөзүндө өкмөттүн абийири менен арнамысына шек келтирилсе, аны сотко берүү жагын караштыраарын, андан түшкөн акчаны Аксы районунун экономикасын өнүктүрүүгө жумшаарын белгилеген» деп айтылат билдирүүдө. Өкмөттүн бул билдирүүсү «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын бейшемби күнкү билдирүүсүнө жооп иретинде таратылды. Коалиция өз билдирүүсүндө өкмөт башчысынын бул аракетин «саясий жоопкерсиздик жана демократиянын өнүгүшүнө коркунучтуу кадам» катары баалаган.

XS
SM
MD
LG