Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:14

САНК-ПЕТЕРБУРГДА 300 ЖЫЛДЫК МААРАКЕ ТОЙ, ЧЕЧЕНСТАНДА АДАМ УКУГУН БУЗУУЛАР


Санк-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесин баана кылып, Россиянын президенти Владимир Путин 50гө жакын мамлекеттин жетекчилерин конокко чакырды. Мартабалуу коноктор Улуу Петр негиздеген шаарда сый көрүп жаткан чакта Россиянын түштүгүндөгү Чеченстанда абал татаал бойдон калууда. Жума күнү башкалаа Грозныйда автобус минага кабылып, үч адам курман болду. Эл аралык “Хьюман Райтс Уоч” уюму Санк-Петербургга тойго келген сыйлуу коноктор Чеченстандагы адам укугун бузуулар жөнүндө унутуп калбастан, Кремлдик төбөлдөрдүн эсине салып кою керек деп эсептейт.

Санк-Петербургдун 300 жылдык мааракесине келген чет элдик сыйлуу коноктор Улуу Петр “Европага дарча” болсун деп түптөгөн шаардын керемет музей, адеми сарайларын кыдырып, буурул түнгө суктанып жүргөндө, Россиянын курамындагы Чеченстандагы кандуу булоон уланууда.

Жума күнү Грозныйда автомобиль минага жарылып, үч адамдын өмүрү кыйылып, сегиз киши жараат алды. Орус бийликтери жардырууну террордук акт деп баалады.

Май айында эле коогалуу республикада жанкечтилердин эки жолку чабуулунан 78 киши мерт болду.

1999-жылы Россиянын азыркы президенти Владимир Путин премьер-министр кезинде тынчтык орнотуу үчүн Чеченстанга федералдык аскерлер киргизилген. Аскерлер суук кандуулук менен аракеттенсе да чечен козголоңчуларын жок кыла албады. Эрегишчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышууларынын азабын карапайым эл тартууда.

Жакында жарыяланган маалыматтарга караганда, Чеченстан дүйнөдөгү эң кооптуу жайлардан саналат.

Жылына республикада, 100 миң адамга эсептегенде, кеминде 110-140 адам киши колдуу болуп өлөт. Колумбияда бул көрсөткүч 77ге барабар.

2002-жылы республикада 1132 адам өлтүрүлгөн. Салыштырып айтканда, адам өлтүрүү Чеченстанда маараке үстүндөгү Санк-Петербургдан беш эсеге, АКШдагыдан 20 эсеге көп. Ал эми Евросоюзга мүчө өлкөлөргө салыштырганда 50-100 эсе жогору.

Дайынсыз жоголгон адамдардын саны боюнча да Чеченстан дүйнө өлкөлөрүн эң алдыңкысы саналат.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уоч” уюмунун маалымдашынча, россиялык аскерлер акыркы үч жылда жүздөгөн чечендерди камакка алган. Камакка алынган адамдардын айрымдарынын тагдыры беймаалым, башка бирөөлөрүнүн жасаттары ээн жерлерден табылган.

Чечен бийликтеринин билдиришинче, 2003-жылдын ар айында республикада орто эсеп менен 60 киши дарексиз жоголот. Же бир күндө эки адам капылеттен кайып болот. 1990-жылдардын башында алжирликтер ушундай коргоосуз болушкан.

Жакында орус бийликтери Чеченстандын аймагында 3 миңдей адамдын жасаты көмүлгөн 49 бейит бар экенин мойнуна алды.

Россиялык аскерлердин укук бузууларына карабай, акыркы төрт жылда болгону 48 аскерге каршы кылмыш иши козголгон.

“Бул мисал-орус бийликтери федералдык күчтөрдүн мыйзам бузууларын тергөөгө жана жоопко тартууга кызыкпаганын күбөлөйт”,- дейт “Хьюман Райтс Уоч” уюмунун Европа жана Азия бөлүмүнүн жетекчиси Елизабет Андерсен.

Президент Путин болсо орус аскерлерин “кыл жугузбай” актап, Чечнстандагы аскерий операция АКШнын терроризмге каршы согушуна “салым кошот” дегенге чейин барды.

Ырасмий Кремль эл аралык коомчулуктун Чеченстандагы адам укуктарынын абалын жакшыртуу жөнүндөгү талабын да этибарга албай жүрөт. Россия ООНдун адамдарды уруп-кыйноо боюнча атайын өкүлүн жана Жоголгон адамдар боюнча жумушчу группасын, ООНдун Адам укугу боюнча комиссиясынын эки жолку резолюциясына карабай, Чеченстанга чакыруудан баш тарткан. Москва Еврокеңештин Чеченстандагы адам укугун бузууларды тыйуу жана жарандардын коопсуздугуна кепилдик берүү өтүнүчүн да четке каккан.

Мындай жагдайдан улам, жума “Хьюман Райтс Уоч” уюму Санк-Петербургдагы мааракеге барган Евросоюздун жана АКШнын жетекчилерине кайрылып, Чеченстандын жарандарынын коопсуздугу үчүн жооптуу экенин президент Путиндин эсине салып койууну өтүндү.

Андерсен айымдын айтымында, “Россия тыш өлкөлөрдүн сыйлуу өнөгү болууну кааласа, адам укугунун эл аралык жоболорун аткарышы шарт”.
XS
SM
MD
LG