Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

АКШ-ОРУСИЯ: АЛАКА ЧЫҢДАЛУУДА


АКШнын жана Орусиянын президенттери жекшемби күнү Санкт-Петербургда болгон бейрасмий жолугушуусунда өзөктүк куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимдин ратификациялык грамоталарына кол коюшту. Эки тараптуу кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланган жолугушуудан соң, АКШ менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүгү чыңдалып жатканы, Ирак кризиси эки өлкөнүн мамилесин солгундатпастан, кайра бекемдегени тууралуу айтылды.

АКШ жана Орусия президенттеринин бул жолку бейрасмий саммити Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдык мааракесин улай өткөрүлдү. Президент Ж.Буш майрамдык салтанаттарга катышкан 40тай өлкөнүн лидерлеринин эң соңу болуп Орусиянын түндүк борборуна кечээ кечке жуук келген эле. Жекшемби күнү Санкт-Петербургдагы Константин сарайында өткөн сүйлөшүүлөрдүн соңунан эки лидер Өзөктүк куралдарды кыскартуу жөнүндө былтыр май айында түзүлгөн келишимдин ратификациялык грамоталарына кол коюшуп, аларды алмашты. Эми документ күчүнө кирет. Келишимге ылайык, тараптар азыр колдонууда турган өзөктүк дүрмөттөрүнүн үчтөн эки бөлүгүн 2012–жылга чейин кыскартып, алардын санын 1700-2200дүн тегерегине түшүрмөкчү. АКШнын президенти Жорж Буш сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында белгилегендей, аталган келишим эки өлкөнүн жаңы стратегиялык кызматташтыгын чагылдырат.

Эки лидердин Ирак согушунан кийинки алгачкы кездешүүсүндө, албетте, Ирак маселеси да талкууланды. Орусия АКШнын аскердик операцияга БУУнун Коопсуздук кеңешинен колдоо алуу аракетине каршы турганы белгилүү. Бирок, орус президенти Путиндин баамында, Ирак согушу боюнча пикир келишпестик эки президенттин, эки мамлекеттин мамилесин солгундатпастан кайра бекемдеди.

"АКШ менен Орусия кызматташтыгынын негизги принциптери аны сынаган окуялардан да күчтүү болуп чыкты", деген В.Путин басма сөз жыйынында буларга токтолду:

- Таң калычтуу көрүнгөнү менен мен да Ирактын айланасындагы иштердин учурунда, баардык проблемаларга карабай, бизге жеке мамилелерди гана сактап калбастан өз ара кызматташтыктын аспаптарын тактоого да мүмкүндүк түзүлдү деп эсептейм.

АКШнын президенти Жорж Буш да ушундай эле пикирде. Анын айтымында,ушул тапта эки өлкөнү террорчулукка каршы күрөш да жакындатууда.

Сүйлөшүүлөрдө эл аралык коопсуздук, атап айтканда, Түндүк Корея менен Ирандын өзөктүк куралдар программасына тиешелүү маселелер жөнүндө да сөз болгон. Президент Жорж Буш маалымат жыйынында белгилегендей, АКШ Иранды Өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу келишим боюнча алган милдеттемелерин толук аткарууга чакырат. Вашингтон Тегеран өзөктүк куралдарга ээ эмес экенине ынануу үчүн Орусия менен чогуу иштешүүнү каалайт жана орус президенти Путин буга макул болду:

- Мен Владимир Путиндин маселени түшүнгөнүн жана бул потенциалдуу проблеманы чечүүдө башкалар жана мени менен кызматташууга даярдыгын жогору баалайм.

Өзөктүк куралдарды жайылтпоодо АКШ менен Орусиянын туруму байкалгандагыдан да жакын экенин орус президенти Путин да айтты. Бирок, Путин ошол эле учурда Орусия өзөктүк куралдар программасы же жана башка ушул сыяктуу маселелердин Ирандын рыногунда иштеп жаткан орусиялык компанияларга багытталган жашыруун атаандаштыктын аспабы болушуна каршы экенин кошумчалай кетти. АКШ администрациясынын пикиринде, Орусия Иранга саткан технологиялар өзөктүк куралдар программасын өнүктүрүү максатында колдонулушу мүмкүн. Ал эми Тегеран менен Москванын ырастоосунда, ал тынчтык максатта, энергия өндүрүү үчүн гана пайдаланылат. Бейрасмий саммитте президенттер өкмөттүк жана башка деңгээлдеги байланыштарды кеңейтүүнү, эки өлкөнүн экономикалык алакаларын жакшыртуунун үстүндө иштөөнү макулдашты. Ж.Буш В.Путинди быйыл күздө АКШга келип кетүүгө чакырды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG