Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:13

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ: ЖАҢЖАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТТЕРИНИН АПТАСЫ


Жума күнү Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас Израиль сыналгысына берген интервьюсунда согушчан топторду жөөттөргө каршы чабуулдарын токтотууга көндүрө алаарына ишенимин билдирди. Ал эми Европада сапарлап жүргөн президент Жорж Буш Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүү үчүн болгон жардамын аябай турганын жарыя кылды.

Келээрки аптага Жакынкы Чыгыш боюнча эки саммит пландаштырылып жатат. Алгач шейшембиде, 3-июнда Египеттин Шарм эш-Шейх курортунда АКШ президенти Жорж Буш бир катар араб лидерлери менен жолугушат. Эртеси болсо Иорданиянын жээгиндеги Акаба шаарында Кошмо Штаттары, Палестина жана Израилдин жетекчилери аймакта тынчтык орнотууга багытталган “жол картасын” талкуулашат. Аталган долбоор боюнча 2005-жылга карай эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүшү каралган.

Ал эми алгачкы кадам катары планда согушчан топтордун зордук-зомбулугун токтотуу, жөөт аскерлеринин оккупацияланган аймактардан чыгып кетүүсү белгиленген. Палестин премьери Махмуд Аббас Израилдин коомдук телеканалына берген маегинде, куралчан топторду жөөттөргө каршы чабуулдарын токтотууга ынандыра турганына ишенээрин белгиледи.”Саммиттерден кийин палестин уюмдары менен сүйлөшүүлөрүбүздү уланта бермекчибиз. Эки же эң көп дегенде үч жумадан кийин алар менен жалпы келишимге жетише алабыз. Мен оптимистмин, кан төгүүлөрдү токтотуу үчүн мунасага жетишебиз”, - деген үмүтүн билдирди Аббас.

Палестин булактарынын ырастоосунда, ушул тапта палестин жана жөөт тараптарынын расмий өкүлдөрү Акаба жолугушуусунан соң кабыл алына турган биргелешкен билдирүүнүн үстүнөн иштеп жатышат.

Аббас, ошондой эле, Палестинанын коопсуздук кызматтары Газа тилкеси менен Иордандын батыш жээгиндеги айрым жерлерде коопсуздукту сактоо үчүн көзөмөлдү Израиль аскерлеринен өз колуна өткөрүп алуу үчүн даярданууда деп айтты. “Биз биринче кезекте Газа тилкеси жөнүндө сөз кылып жатабыз. Андан кийин эки-үч аптанын ичинде Батыш жээктеги айрым шаарлардагы коопсуздукту камсыздоо үчүн жоопкерчиликти өз мойнубузга алабыз”, - деди палестин премьери.

Аббастын билдирүүсүнөн бир күн мурда Иерусалимде жөөт жана палестин өкмөт башчылары жолугушуу өткөргөн. Анда Ариэль Шарон Газа тилкеси менен Иордандын батыш жээгиндеги айрым шаарлардагы коопсуздук көзөмөлүн акырындап палестин тарапка өткөрүп берүүгө макулдугун берген эле. Бул үчүн Аббастын өкмөтү терроризмди ооздуктоого, террордук уюмдарды куралсыздандырууга жана мыйзамсыз куралды конфискациялоого тийиш. Шарон палестин жетекчилиги радикалдуу топторду тизгиндей алса, анда Палестина мамлекетинин түзүлүшү жөнүндө саясий сүйлөшүүлөрдү баштайбыз деп билдирген эле.

Буга чейин жөөт өкмөтү 25 миң палестиналыкка Израилде иштөөсүн улантууга уруксат берилет, “Палестинаны бошотуу демократиялык фронтунун” эки лидери Ахмед Абу Суккар жана Тайсир Халед азаттыкка чыгарылат деген убадасын берген. Буга байланыштуу “Хамас” уюмунун расмий өкүлү Абдул Азиз Рантисси Ажанс Франс Пресске берген интервьюсунда: “Израиль палестиналыктарга каршы болгон агрессиясын токтотмойунча, биздин жан кечтилер жөөттөргө каршы чабуулдарын уланта беришет”, - деп билдирди. “Биздин эл бардык камалгандардын бошотулушун, басып алынган ыйык жерлерибиздин кайтарып алынышын каалайт”, - деп улантты Рантисси.

Ал эми ушул тапта Европада жүргөн президент Буш Жакынкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу иштерине чечкиндүү киришкенин дагы бир жолу тастыктады. Польшанын Краков шаарында сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти:
- Эмки жуманын башында Жакынкы Чыгышка барып, Палестин жана Израиль премьерлери менен жана региондогу башка лидерлер менен жолугушам. Мен аларга алдыдагы иш оңой эмес чечимдерди талап кылаарын эскертем. Аймакта тынчтык өкүм сүрүш үчүн бардык жетекчилер эски жүйөлөрдү айтуудан арылып, терроризмге каршы күрөшүүсү керектиги жөнүндө сөз кылам. Мен тараптардын өз ара келишимге жетишишине жана келишим ишке ашырыла башташына жардам бериш үчүн болгон күч-аракетимди жумшаймын.

Июндун алгачкы аптасы, ошентип, Жакынкы Чыгыш тынчтык жараянын жандантууга багытталган дипломатиялык жаңы аракеттер менен коштолмокчу.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG