Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Бирмада бийликтеги хунта оппозиция жетекчилерин үй камагына отургузду


Аскер башчылары ошондой эле демократиячыл оппозициянын өлкөдөгү бардык ири кеңселерин жаап, партия башчысы Ауң Саң Суу Чини камаккка алды. Бирманын бийликтери Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон Чи айымды анын 18 партиялашы менен кошо, "алардын өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп", абакка отургузганын маалымдады.
Өкмөт ошондой эле бул чара Чинин колдоочулары менен өкмөтчүл күчтөр кагылышып, төрт киши каза тапкандан кийин көрүлүп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG