Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:46

Буш менен Путин ядролук куралды кыскартуу келишимине кол коюшту


АКШнын жана Орусиянын президенттери бүгүн Санкт-Петербург шаарында бейформал жолугушту. Стратегиялык ядролук куралдарды кыскартуу келишими алар кол коёру менен күчүнө кирди. Ага ылайык, эки өлкө тең 2012-жылга чейин ядролук дүрмөттөрүн үчтөн экисине кыскартууга тийиш.
Буш менен Путин Орусия менен АКШ стратегиялык кызматташтыкта экендигин баса белгилешти. Путин Орусиянын Иран менен кызматташтыгын негиздеп, буларды билдирди:

- Иран жөнүндө айта турган болсок, мен бул тууралуу бүгүн да оюмду ачык-айрым билдирдим. Биз ядролук программаларды же башка нерселерди шылтоолоп, Иран базарындагы биздин компанияларыбызга бут тосууну каалабайбыз.

Буш менен Путин эки тараптуу маалымат алмашууга, экономикалык байланыштарды жана терроризмге каршы күрөштү күч алдырууга макулдашышты. Буш ошондой эле Путинди сентябрда АКШга келип кетүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG