Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Дүйнөнүн өнөр жайы өнүккөн сегиз өлкөсүнүн жетекчилеринин саммити Франциянын Эвиан курортунда өз ишин улантат


Жыйында дүйнөлүк экономиканын өсүүсүн жандандыруу жана массалык кыргын салчу куралдарды жайылтууну токтотуу маселелери талкууланат деп күтүлүүдө.
Кабарчылардын билдиргенине караганда, АКШ менен Франция ортосундагы Ирак согушу боюнча чатак саммиттеги маанайга таасир эткени байкалат.

Франциянын президенти Жак Ширак бүгүн кечинде Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш менен ырасмий эмес шартта кездешет.
Кечээ күнү Ширак дүйнө элдеринин көпчүлүгү ал сыңары эле АКШ үстөмдүк кылбаган “көп уюлдуу” дүйнөнүн моделин жактаарын билдирген.

Эвинадагы “Чоң сегиздин” саммитинин ачылуусу антиглобалчылардын нааразылык акциялары менен коштолду.
Швейцариянын Женева көлүнүн боюндагы Лозанне шаарында антиглобалчылар полициянын бөгөтүн бузуп, көптөгөн коомдук имараттарга зыян келтиришти.
Лозанне шаары Женева көлүнүн Эвианга каршы тарабынан орун алган.
Полиция бейбаштык кылган 400дөй адамды камакка алды. Тополоңдо 10дой адам, анын ичинде эки полицай жараат алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG