Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Таэквондо боюнча Кыргызстан чемпионаты аяктады


БИШКЕК. Таэквондо боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрүнөн Кыргызстандын улуттук тандалма командасы түзүлдү. Алар күзүндө Германияда өтчү дүйнө чемпионатында өлкөнүн намысын коргоого барышат. Баш байге үчүн 100 ашуун спортчулар таймашка чыкты. 54-58 жана 62 кг салмактарда Кыргыз дене тарбия институтунун студенттери Аман Абыкенов, Нурлан Шакиров жана Эдуард Ли чемпиондук наамдарын сактап калышты. Алматылык Эркин Айса 67 кг салмакта Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алды. Ал эми 72 кг салмактагы балбандардын баш байгеси Бишкектик Виктор Кимге ыйгарылды.
Кыз-келиндер арасындагы күч сынашууда алматылык Сауле Хусаинова, Малика Жандараева жана Аяна Рамиеванын чеберчиликтери жогору бааланып, Кыргызстандын чемпиондугун жеңишке жетип, байгелүү кайтышты. Кыргызстандык кыздардан жалгыз Светлана Брюзина гана баш байгеге ээ болду.


Кабарлар топтомун Бишкекте даярдагандар: Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу

Текстти редакциялаган Бекташ Шамшиев

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG