Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Талас облустук тартип коргоо органдарынын кеңешмеси


ТАЛАС. Кеңешмеде коопсуздук кеңештин үстүбүздөгү жылдын 31-мартында коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча жыйынынын чечимдери Таласта аткарылышы талкууланып, прокуратура, милиция, коопсуздук, бажы тармактарынын жетекчилеринин маалыматтары угулду. Натыйжада, экономикалык кылмыш, коррупция жана контрабанданы табуу боюнча ички иштер органдарынын иштери жетишээрлик эмес деп табылды. Прокуратура, бажы органдарында, финансы полициясында да кемчиликтер, ички коррупция, кылмыштарды жаап-жашыруу фактылары бар. Коррупция, контрабанда деп колго түшкөндөрдүн баары үй-бүлөсүн багуу үчүн жандалбас кылып жүргөн кичи жана орто соодагерлер экен. Ал эми мамлекеттик кызматтагылар менен байланышкан коррупциянын бети ачылган бир да факты келтирилген жок.

XS
SM
MD
LG