Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

Демократияны өнүктүрүү фонду «тегерек үстөл» жыйынын өткөрөт


БИШКЕК. 3-июнда Демократияны өнүктүрүү фонду «Жергиликтүү шайлоолорду уюштуруунун принциптери. Саясий партиялардын ага катышуусу жана ролу» деген темада «тегерек үстөл» жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Ар намыс» партиясынын штаб башчысы, аталган фонддун мүчөсү Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, «тегерек үстөлдө» саясий партиялардын жергиликтүү шайлоого партиялык тизме менен катышуу мүмкүнчүлүгү талкууланат. Жыйынга президенттик админстрациянын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана парламент, БШК мүчөлөрү катышат. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо Кыргызстанда күз айларында өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG