Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Депутаттар Ага хан фонду менен түзүлгөн макулдашууга каршы


БИШКЕК. 2-июнда Мыйзам чыгаруу жыйыны кыргыз өкмөтү менен Ага хан фондунун ортосунда 2002-жылы түзүлгөн макулдашууну ратификациялоо маселесин талкуулоону улантты. Бул маселе боюнча жарыш сөзгө чыккан көпчүлүк депутаттар макулдашууну кескин сынга алышты. Маселен, депутат Исмаил Исаков Ага хан фонду эларалык субьект эмес экендигин, ошондуктан аны менен мындай деңгээлде макулдашуу түзүү эларалык Вена конвенциясына каршы келерин билдирди. Кыргыз өкмөтү менен Ага хан фонду түзгөн макулдашууга ылайык фондго Кыргызстандын бардык тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Фонддун ишканаларынан , мекемелеринен 7 жыл бою эч кандай салык алынбайт жана фондго тиешелүү автомашина эч бир жерде токтотулуп текшерүүгө алынбайт. Кызматкерлери кол тийгис иммунитетке ээ, алар эч кандай шартта соттолбойт. Макулдашуунун парламентте кескин сынга алынышына байланыштуу биринчи-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов аны кароону кийинки мөөнөткө жылдырууну сунуштады. Бирок, депутаттар маселени кароону улантышып, шейшемби күнү тийиштүү чечим кабыл алууну белгилешти. Каржы министринин биринчи орунбасары Эмирлан Төрөмырзаевдин маалыматы боюнча, Ага хан фондуна өкмөт Пакистандын 10 млн доллар кредитине курулган «Айданфарм» заводу баш болгон бир катар ишканаларын берүүгө ниеттенүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG