Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Акыйкатчы журналисттин арызын Жогорку сотко жолдоду


БИШКЕК. Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу «Моя столица» гезитинин кабарчысы Лариса Линин арызы боюнча Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерине карата укуктук-мыйзамдык бүтүмүн чыгарып, аны Жогорку соттун кароосуна сунуштады. Анда соттордун «Моя столица» гезитине 500 миң сом жана кабарчы Лариса Лиге 10 миң сом айыппул салуусунун негизсиз экендиги белгиленген. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. «Моя столица» гезитинин өткөн жылкы санында Лариса Линин « Керосин монополистине акциз салыгын илишти» деген макаласы жарыяланып, анда «Мерлисайд» фирмасынын Бишкек эркин экономикалык аймагы аркылуу Кыргызстанга авиакеросин ташып, андан акциз салыгын төлөбөшү жана башка мыйзам бузуулары боюнча маалымат берилген. «Мерлисайд» фирмасынын ээлери макаланы жарыялоо менен гезит «ишкердик беделибизге шек келтирди» деп сотко кайрылган. Ленин райондук соту 4-декабрда, Бишкек шаардык соту 13-мартта арызды канааттандырып, гезитке акчалай айып салган.

XS
SM
MD
LG