Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Кыргыз архитекторлору губернаторго нааразы


БИШКЕК. Кыргызстан архитекторлор союзунун мүчөлөрү, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү 2-июнда президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлерине кайрылуу жолдошуп, анда Ысыккөлдүн кире беришине курулуп жаткан экологиялык тосмо Конституция баш болгон бир катар мыйзамдарга карама-каршы келээрин билдиришти. Алардын билдирүүсүнө караганда, Ысыккөл облусунун губернатору Эмилбек Анапияевдин жеке чечими менен курулуп жаткан посттун долбоору архитектура жана курулуш комиссиясында талкууланып, жактырылган эмес жана ал Семенов-Тянь-Шанскийдин эстелигин тосуп, курорттук аймакка келе жаткан туристтерге психологиялык басым жасайт. Архитекторлор өз алдынча пост курдуруп жаткан губернаторду жоопко тартууну мамлекеттик бийлик жетекчилеринен өтүнүштү.

XS
SM
MD
LG