Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

ШОСтун эки уюму күзүндө ишке киришет


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун Пекиндеги катчылыгы менен Бишкектеги антитеррористтик борбору ушул жылдын ноябрь айынан тарта ишке киришет. Мындай маалымат 2-июнда Кыргызстандын аталган уюмдагы улуттук координатору, Тышкы иштер министринин орунбасары Асанбек Осмоналиевден алынды. Анын маалыматына караганда, буга негиз берген документ уюмга кирген мамлекет башчыларынын 29-майда Москвадагы саммитте кабылданды жана бул эки уюмду ишке киргизүү үчүн убактылуу жумушчу топ түзүлдү. Ал топ азыр уюштуруу иштери жана бюджетке байланышкан документтерди даярдап жатат. Анын жыйынтыгы уюмга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын ушул жылдын сентябрь айында өтчү жыйынынында биротоло такталат. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Бишкектеги антитеррористтик борборду жана Пекиндеги катчылыкты түзүүгө 4 миллион 128 миң доллар сарпталышы мүмкүн. Бүйүжет Кытай, Орусия жана Өзбекстан, Тажикстан сунуштаган үч башка принцип боюнча макулдашылган бирдиктүү бир чечимдин негизинде түзүлөт.

XS
SM
MD
LG