Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Индонезиялык имам “террордук жардырууну уюштурган” деп соттолууда


Дүйшөмбү күнү Индонезияда Самудра атуу имамдын үстүнөн козголгон сот ишин кароо башталды. Имам 2002-жылы Бали аралындагы террордук жардырууну уюштурган деп айыпталууда. Өткөн жылкы Балида болгон жардыруудан 202 адам каза болуп, 50 жаран жараат алган. Жергиликтүү полиция жана Самудранын адвокаттары, имам чындыгында эле террордук жардырууга катышы бар экендигин мойнуна алгандыгын маалымдашты. Сот жараянын кароо жакынкы күндөрү соңуна чыгат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG