Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:11

ШКУНУН ЖАҢЫ ОРГАНДАРЫ БЫЙЫЛ ИШКЕ КИРИШЕТ


Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Москвадагы 29-майдагы жолугушуусунда жети документ кабыл алынды. Алардын катарында уюмдун органдары, мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлчүлүктөрү, Пекинде жайгаша турган катчылыктын аткаруучу катчысын дайындоо, Бишкекте орун алчу антитеррордук структуранын аткаруу комитетинин регламенти жөнүндөгү чечимдер бар.

Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө Кытай, Орусия, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекет башчыларынын Москва жолугушуусунда уюмду өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарына байланышкан уюштуруу маселелерине басым жасалды. Алардын ичинен Бишкекте жайгаша турган аймактык антитеррордук структуранын регламенти жолугушуудагы негизги чечимдердин бири болуп калды. Мамлекет башчылардын макулдашууларына ылайык Кызматташтык уюмунун туруктуу аракеттенчү эки органы – Бишкек регионалдык антитеррордук структурасы менен Пекиндеги аткаруучу катчылык бир учурда ишке кириши керек. Аны тез арада ишке киргизүүнү камсыздоо чечими өткөн жылкы Санкт-Петербург жолугушуусунда кабыл алынган. Ал эми бул жолугушууда аталган органдарды даярдап ишке киргизүүнү жөнгө салуу максатында жумушчу топ түзүлдү. Бирок, айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Москва жолугушуусунда уюмга мүчө мамлекет башчыларынын айрымдары туруктуу антитеррордук Бишкек борборун ишке киргизүү аракеттеринин жай жүрүп жаткандыгын белгилешкен.

Шанхай уюмунун улуттук координатору Асанбек Осмоналиев болсо ар кандай көз караштардын жаралышына ШКУнун аталган органынын түзүлүшүндөгү өзгөчө жагдайлар негиз берип жатканын билдирди. Анын пикиринче, уюмдун тез арада ишке киришине бардык башка мүчө мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстандын өзү да кызыкдар. Анткени, аталган орган өлкөгө саясий аброй менен бирге экономикалык пайда да алып келет.

- Бүгүнкү күндө Кытай, Кыргызстан, Орусия Федерациясы, одонороок айтып коеюн, Шанхай Кызматташык уюмунун негизги «оюнчулары» бул органдарды бир учурда ишке киргизүү боюнча бирдей көз карашта,- дейт Асанбек Осмоналиев,- Биз активдүү иштеп атабыз. Кыргызстандын бир органдан экинчиси артта калбай бирдей иштеп кетиш кызыкчылыгы бар.

Улуттук координатордун билдиришинче, Шанхай кызматташтык уюмунун аталган эки органы болжол менен ушул жылдын акыркы айларында ишке кириши күтүлүүдө. Ага чейин эксперттер бардык уюштуруу иштерин, анын негизгиси - бүжет маселесин толук иликтеп, күздө боло турган Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын жолугушуусуна даярдайт. Эксперттер негизинен туруктуу иштөөчү органдардын бүжетин үч багытты эске алуу менен карап жатышат:

- Азыркы күндө бүжеттин үч варианты бар. Бирөө - кытайлар сунуш кылган Улуттар Уюмунун принцибине негизделген вариант, экинчиси-посолдук принциптеги орустардын сунушу, үчүнчүсү - Өзбекстан менен Тажикстандын варианты. Азыр эми консолидацияланган долбоорго келип атышат.

Улуттук координатордун айтымында, учурда эки уюмду уюштурууга кеткен жалпы чыгымдын төмөнкү ченеми 4 млн 128 миң долларды түзүүдө. Бирок, мынчалык каражаттын бөлүнүшүнөн шектенген белгилүү саясатчы Муратбек Иманалиев эксперттер активдүү иштеши керек деген ойдо:

- Эми ал маселе кантип чечилерин билбейм. Биринчиден, эксперттер жакшылап иштеш керек. Каржы министрлеринин өкүлдөрү чогулуп, жакшылап иштешсе болот эле. Алар эки-үч жолу чогулду эле, бирок, жыйынтыкка келишкен жок.

А.Осмоналиев ШКУга мүчө мамлекеттердин Москва жолугушуусунун туруктуу органдарга карата чечимдери иштин мындан ары илгерилеши үчүн олуттуу салым кошорун белгиледи. Анын айтымында, жолугушуу бардык башка мүчө мамлекеттер сыяктуу эле Кыргызстан үчүн да пайдалуу болду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG