Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

ИШЕНБАЙ АБДУРАЗАКОВ: «ЭГЕРДЕ БИЙЛИК БУГА ЧЕЙИН ЫЙМАНДУУ БАШКАРЫП КЕЛСЕ, АНДА ЖАРЛЫККА МУКТАЖ БОЛБОЙТ ЭЛЕ».


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Бир ай мурда президент А.Акаев өлкөнү акыйкат же абийирдүү башкаруу тууралуу жарлыгын чыгарып, аны жүзөгө ашыруу үчүн атайын Улуттук кеңеш түзгөн. Жарлыкка ылайык Өкмөт башчысы Николай Танаев башында турган Улуттук кеңеш 1-июнга чейин өлкөнү абийирдүү башкаруу боюнча Жобо иштеп чыгып, аны коомдук талкуудан өткөрүп, Президенттин бекитүүсүнө киргизмек. Бирок азырынча Жобонун долбоору коомчулуктун талкуусуна коюла элек.

Жарлык менен түзүлгөн Улуттук кеңештин аталышын расмий маалымат булактары өлкөнү акыйкат башкаруу деп коомчулукка жайылтса, экинчи тарап аны түзмө-түз, маанисин жоготпостон абийирдүү, ыймандуу башкаруу деп атаса дурус болмок дешет. Ал эми үчүнчү тарап кеп анын аталышында эмес, аткарылышында деп эсептешет. Чындыгында эгемендүүлүктүн 12 жылдык тарыхында бул маселе алгачкы жолу ачык коюлуп, ал президент жарлыгы менен бышыкталышынын өзү башкаруу системасындагы абалды таасын чагылдырып берет. Көпчүлүк аналитиктер жарлыкта айтылган жагдайды чечмелөөгө алышып, буга чейин мамлекет абийирдүү, ыймандуу башкарылбай келгенден улам, өлкө коррупциянын сазына батты дешет. Аны кандайдыр бир чен өлчөмдө атайын жарлык аркылуу бийлик өзү да мойнуна алгандай болду. Бирок, көпчүлүк эл Улуттук кеңештин курамын көрүп, жарлыктын аткарылышынан санааркап жатышат. Анын үстүнө Улуттук кеңеш 1-июнга чейин өлкөнү ыймандуу башкаруу боюнча жобо долбоорун даярдап, аны коомдук талкуудан өткөрүп мамлекет башчысынын бекитүүсүнө сунуштамак. Бирок, ал өз убагында жүзөгө ашкан жок. Жарлыктын 3-пункту үзгүлтүккө учурады. Ал эми аталган маселе тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Дастан Сарыгуловго кайрылсак ал буга чейин деле мындай жарлыктын миңдегени чыгып, бирок, алардын көпчүлүгү кагаз бетинде гана калып келгенине өкүнөөрүн жашырбады.

«Мамлекетти башкарууда эң негизги түркүк бул акыйкатуулук, адилеттүүлүк, калыстык, намыскөйлүк, абийирдүүлүк болот. Эгерде 10 жыл тажрыйбадан кийин ушул ураанга бийликтин эми араң келгени өтө таңгалыштуу болуп атат. Ак пейилдүү, ак ниеттүү башкарууну азыр ураан кылып чакырсак, анда мындан 10 жыл мурда кайсыл нарк менен, кайсы принцип менен башкаруу ишин жүргүзүп келишти деген суроо туулбай койбойт. Бул бир чети. Экинчи жагынан, 10 жылдын ичинде мындай кеңештер, топтор, мыйзамдар, чакырыктар көп эле болду, атүгүл жарлыктар жүз, миңден ашып кеткен болуш керек. Бирок, андан натыйжа чыкпаса, менин ойумча кезектеги миң биринчи чакырык үндөө элде үмүт туудурбайт болуш керек»,- дейт Сарыгулов мырза.

Акыйкат башкаруу боюнча Улуттук кеңештин төрага орунбасары Болот Жанузаков жарлыкты так аткарып, мамлекетти акыйкат башкаруу жолу менен гана коррупциянын гүлдөп өнүгүшүнө бөгөт коюуга болоорун айтат.

«Акыйкат башкаруунун негизги үлгүсү биздин мамлекетибиздин коррупцияга каршы стратегиясынан келип чыккан, - дейт Болот Жанузаков. - Коррупция деген балекет, бул өзүнчө бир көрүнүш болуп, бүгүнкү күндө экономикабызга, элибиздин, мамлекетибиздин өсүшүнө чоң зыян келтирип атпайбы. Коррупцияга бажы, салык, милиция системалары, мамлекеттик башкаруу системасы, ушулардын бардыгы коррупцияга аралашып кеткен экен. Биз мамлекеттик башкаруу механизмин ачык, айкын, жеткиликтүү жана эң жоопкерчиликтүү кылышыбыз керек экен».

Совет доорунда эчен жыл Жапон өлкөсүндө элчилик кызматта жүрүп, кыска убакыт эгемен өлкөнүн Мамлекеттик катчысы болуп туруп Акүйдүн көшөгө артындагы турмушу менен жакындан тааныш Ишенбай Абдуразаковдун жүйөлүү пикири көпчүлүктү кайдигер калтырбас. Анын пикирине караганда, эгер бийлик өкүлдөрү буга чейин элди ыймандуу башкарып келсе, мындай жарлыкты чыгаруунун зарылдыгы болмок эмес.

«Ыймандуу башкаруу, туура башкаруу дегенди бийлик өзү бири-бирине тапшырып анан ыймандуу бололу десе, менин оюмча, бул жакшы натыйжага алып келбейт. Себеби, эгерде бийликтин өзү жакшы болуп турса, бул маселе өзү чыкпайт эле да. Эл эмнеден нааразы болуп атат азыр? Эл бир сындырым наны жок болуп, ошого нааразы болуп аткан жери жок. Кыргыз эли мындай оор турмушка көнүп деле калган. Нааразычылыктын эң негизги түбү бул коомдо адилетчилик жок болуп атат. Бийлик жакшы башкасын деп ага укукту эл берген. Башкарсын. Эл да көрүп турсун, башкарып атабы, жокпу», - деди Ишенбай Абдуразаков.

Мына ушундай пикирлерден улам Улуттук кеңештин төрага орунбасары Болот Жанузаковдон өлкөнү акыйкат же абийирдүү башкаруу боюнча жобонун долбоору эмне себептен кечигип жатканын сурадык.

«Улуттук Кеңештин жобосу иштелип чыкты. Аны ушул жумада бүт элдик талкууга алып чыгабыз. Жакын аранын ичинде, 10-15 күндүн ичинде президентибизге бекитүүгө беребиз да, анан киийн ар бир мамлекеттик органдын системасы боюнча ишти пландуу түрдө жүргүзө баштайбыз», - дейт Болот Жанузаков.

Өлкөнү акыйкат, абийирдүү, ыймандуу башкаруу боюнча коомчулукта ар кыл пикир өкүм сүрүп келет. Жарлык менен бекемделген башкаруунун жаңы ыкмасы аркылуу гана Акүйдүн жетинчи кабатына чейин жеткен коррупцияны ооздуктап, бийликке карата элдин ишенимин жандандыруу мүмкүнбү деген суроо жаралат. Анын ачкычы элдин өзүндө жатканын эч ким танбас.
XS
SM
MD
LG