Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

ШААРДЫК СОТ ЧЕЧИМДИ ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРДЫ


2-июнда Бишкек шаардык соту Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун аппеляциялык арызын карап, 16-майдагы Биринчи май райондук сотунун аны 1000 сом айыпка кириптер кылган чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Турсунбек Акун шаардык соттун мындай чечими кыргыз сотторунун көз карандысыздыгын жана эл ишениминен чыккандыгын дагы бир ирет далилдеди десе, айыптоочу тараптын өкүлү – прокурор Иляс Арзымбаев соттор мыйзамга таянып чечим кабыл алышты деген пикирде.

2-июнда Бишкек шаардык сотунун Жаңыл Ногойбаева баштаган сот курамы Биринчи Май райондук сотунун судьясы Асхат Сыдыковдун укук коргоочу Турсунбек Акунду 1000 сом айыпка кириптер кылган 16-майдагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Соттун мындай бүтүмгө келүүсүнө Кыргызстандагы пикет, митинг жана демонстрацияларды өткөрүүнү жөнгө салуучу Конституция баштаган мыйзамдардагы карама-каршылыктар түрткү болду.

Сотто сөз сүйлөгөн укук коргоочу Турсунбек Акун үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жогорку Кеңештин алдына – Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынын Үзөнгү-Куушту Кытайга берүү боюнча кошумча келишимди ратификация жасаганына бир жыл толгондугуна байланыштуу 7 адам пикетке чыкканын айтып өттү.

- Биз эмне үчүн 16-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикет өткүрүүнү чечтик. Анткени, 2002-жыл Кыргызстандын саясаты курч окуяларга бай болду. Милициянын огунан 6 адам каза болду. Үзөнгү-Кууш Кытайга кетти…

Укук коргоочунун сөзүн ушул жерден судья Орозбек Чымбаев: «Үзөнгү-Кууштун 16-майга кандай тиешеси бар!?» деген суроосу бөлдү. Ага Турсунбек Акун:

- Түздөн-түз тиешеси бар, анткени өткөн жылы 16-майда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Манас атабыздан калган жерди Акаевдин тушунда берди. Бул күн кара так болуп калат, - деди сотто Турсунбек Акун.

Укук коргоочунун кошумчалаганына караганда, пикетке чыккандарды 50дөн ашуун милиция күчкө салып камаганы, Биринчи май райондук сотунун акциянын катышуучулары Турсунбек Акун менен Топчубек Тургуналиевге 1000 сомдон айыппул салганы мыйзамсыз. Анын чечмелегени боюнча, пикетке чыккандар Конституцияга жана «Жарандардын тынч, курал-жараксыз чогулуп, митинг жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» 2002-жылдын 23-июлунда кабыл алынган мыйзамынын 3-беренесине таянышкан.

Бирок Турсунбек Акундун мындай пикирине прокурор Иляс Арзымбаев каршы болду. Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун судьясы Асхат Сыдыков Турсунбек Акунду мыйзам бузду деп айып салганы туура чечим болгон жана сот өз чечимин ошол эле «Жарандардын тынч, курал-жараксыз чогулуп, митинг жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын 6-беренесине, Администрациялык кодекстин 392-беренесине таянып чыгарган:

- Мыйзамдын 6-беренесинде, Конституциянын 6-беренесинде дагы митинг, пикет, жыйын өткөрүүдөн мурда ал тууралуу бийликке кабар берүү керек деп турат. Мыйзам бузулган, - деди прокурор Иляс Арзымбаев.

Турсунбек Акун, прокурор Ильяс Арзымбаев мисал келтирип жаткан «Жарандардын тынч, курал-жараксыз чогулуп, митинг жана демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын өзүндө карама-каршылык бар. Себеби, Турсунбек Акун таянган мыйзамдын 3-беренеси митинг, демонстрацияларды бийликтин уруксатын албай эле өткөрүүгө жол берет. Ал эми күч органдары, соттор негиз кылып алган 6-статьяда болсо митинг, демонстрацияларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен 10 күн мурда уруксат алуу керектиги айтылган.

2-июнда өткөн шаардык соттун жараянына аталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев эксперт катары катышты. Анын айтымында, мыйзамдын негизги идеясы - жарандардын ээн-эркин пикет, митинг, демонстрацияларды өткөрүүсүнө жол берүү болгон. Бирок, техникалык себептерден улам ката кетип калып, мыйзамга бирине-бири каршы келген беренелер кирип калган.

- Мыйзамда бир аз техникалык кемчиликтер кетип калган, - деди Өмүрбек Текебаев. – Ортодо добуш берүү учурунда кереги жок деп депутаттар тарабынан бир берене алынып салынган болчу. Ал мыйзамдын калган бөлүгүнө доо келтирип койду. Мыйзамдын башкы идеясы – жарандар коомдук жерлерде, мамлекеттик жайларда, жабык имараттарда эч кимдин уруксатысыз эле жыйналууга укугу бар.

Ө.Текебаевдин айтымында, учурда мыйзамдагы кемчиликтерди оңдоо үчүн өзгөртүү-толуктоолордун долбоору даярдалууда.

Сотто Турсунбек Акундун жактоочусу катары сүйлөгөн Азиза Абдрасулова аталган мыйзамды көзөмөлгө алууда эки жүздүү мамиле жасалып келатканын, мисалы, Кыргызстан аялдар партиясы уюштурган демонстрация, митингдерди өткөргөнү үчүн бир да адам сот жообуна тартылбаганын айтып өттү.

Ал эми прокурор Иляс Арзымбаев Биринчи Май райондук соту укук коргоочуну соттоп туура чечим кабыл алган деген пикирин билдирди:

- Урматтуу соттор, 16-майдагы Биринчи май райондук соттун чечими Конституциянын 16-беренесине жана жогоруда аталган мыйзамдын 6-беренесине негизделгендиктен, ал чечимди өзгөртүүсүз калтырууну, ал эми Турсунбек Акун жазган аппеляциялык арызды өзгөртүүсүз калтырууну суранам, - деди прокурор.

Тараптардын жүйөөсүн уккандан кийин судья Жаңыл Ногойбаева төрагалык кылган соттун курамы Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди өзгөртүүсүз калтырган өз бүтүмүн жарыялады:

- Биринчи Май райондук сотунун Турсунбек Акунга карата чыгарган чечими өзгөртүүсүз калтырылсын, ал эми Турсунбек Акундун аппеляциялык арызы канаатандырылбасын.

Укук коргоочу Турсунбек Акун соттон кийин бул ирет да соттор бийликке көз карандылыгын да бир жолу далилдеди деп, акыркы үмүтү эларалык соттордо экенин билдирди.
XS
SM
MD
LG