Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Ирактын убактылуу кеңеши бир ай ичинде түзүлөт


Маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Пол Бремер башындагы АКШнын Ирактагы убактылуу жарандык администрациясы келерки айда Ирактын утурумдук кеңешин түзүү боюнча конференция өткөрүшү мүмкүн.
Бремердин билдиришинче, кеңешке 30га жакын ирактык жаран дайындалышы мүмкүн жана алар америкалык администрацияга өлкөнү башкарууга көмөктөшөт. Удаа эле Ирактын жаңы армиясын түзүү иштери жүрүүдө деп билдирди Бремер:

- Биз Ирактагы мурдакы режимдин армиясын алмаштырчу жаңы армияны түзүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Бул мурдакы армияга-режимге ошондой эле Баасчыларга кызмат кылуу үчүн эмес-жан багуу жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн кошулган миңдеген ирактыктарга жумуш берет.

НАТО Иракка жайгаштырылчу польшалык аскерлерди чалгындоо маалыматтары, байланыш техникасы, унаа жана башка жактан камсыздоонун планын бекитти. Польшалык 7 миң аскер Иракка август айында жайгаштырылып бүтүш керек.
Ал эми Мажарстандын парламенти Иракка 300 аскер жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG