Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:39

Эвиан саммитинин катышуучулары дүйнөлүк экономиканын жандануусуна ишенет


Дүйнөнүн өнөр жайы мыкты өнүккөн демократиялуу жети өлкөсү менен Россия курамына кирген “Чоң сегиздин” Франциянын Эвиан курортундагы саммити бүгүн аяктайт.
Жыйын соңунда Франциянын президенти Жак Ширак “Чоң сегиздин” кайрылуусуну окуйт. Кайрылууда дүйнөлүк экономиканын өсүүсү жанданат деген ишеним айтылат, ошондой эле массалык жок кылуучу куралдар жана терроризм эл аралык коопсуздукка өтө чоң коркунуч туудурат деп белгиленет. Кайрылуу терроризмге жана массалык кыргын салчу куралдарды жайылтууга каршы чечкүндүү күрөшүүгө чакырат,бирок анда президент Буштун каруу жарак жана ракетанын бөлүктөрүн ташыган шектүү кемелер менен самолетторду туткунга алуу жөнүндөгү сунушу эскертилбейт.

XS
SM
MD
LG