Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

АКШ президенти Ж. Буш араб өлкөлөрүнүн лидерлери менен кездешет


АКШ президенти Буш бүгүн араб лидерлеринин Шарм эш-Шейх курортундагы саммитине катышат. Буш араб лидерлери, анын ичинде Мисирдин президенти Хосни Мубарак, Иорданиянын падышасы Абдулла жана Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас менен жолугушат деп болжолдонууда.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин маалымдашынча, Мисирдин курорт жайындагы саммит өтө маанилүү. Анткени, араб өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун “Жол картасын” колдоп-колдобосун билип алуу АКШ үчүн өтө баалуу. Пауэлл ошондой эле “Жол картасы” ийгиликтүү ишке ашырылат деген үмүттө экенин билдирди:

- Менин орун басарым Вильямс Бөрнс өткөн түнү кабарлаганга караганда, президент Буш Шарм эл-Шейхте араб лидерлери менен, андан соң премьер-министр Шарон жана өкмөт башчы Аббас менен Акабада жолугушууга мүмкүнчүлүк алгандан кийин, биз күткөн окуя акыр аягында ишке ашат деген ишеним пайда болду.

Жорж Буштун сөзүнчө, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жеңил болбойт, ал бирок бардык тараптар тынчтыкка жетишүү үчүн жоопкерчилик менен аракеттенеши зарыл деп санайт.
Шарм эл-Шейхтеги кездешүүгө Палестина лидери Ясер Арафат катышпайт. Бирок, Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Махер журналисттер менен дүйшөмбү күнү болгон жолугушууда “Араб лидерлери Ясер Арафатты Палестинанын “мыйзамдуу президенти” катары билишет деп билдирди.

XS
SM
MD
LG