Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:16

АКШ-ФРАНЦИЯ МАМИЛЕЛЕРИ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак маселеси боюнча жарым жылдан бери тирешип келген АКШ менен Франциянын президенттери 2-июнда Франциянын Эвиан шаарында жарым саатка созулган жолугушуу өткөрүштү. Бириккен Улуттар Уюмунун дипломаттарынын айтымында болсо үстүбүздөгү жылдын күз айларында эки президент Америкада жолугат. Эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктер уланганы менен, бул окуялар - Париж менен Вашингтон ортосундагы араздашуу жумшарганын көрсөтөт.

Франция башынан тартып АКШ жүргүзгөн саясатка такай сын көз караш менен карап келген өлкө. НАТО уюмунун саясаты менен макул болбой, президент Шарль де Голль 1966-жылы Францияны НАТОнун аскерий келишимдеринен чыгарып кеткенин эле эстесе болот. Өткөн жылдын аягында Ирак кризиси чыкканда дагы Франция - аны Бириккен Улуттар уюмунун чегинде гана чечүү керек деп, АКШ көтөргөн демилгелерге каршы чыкты.

Иракка каршы согуш ачууну жактырган экинчи резолюцияны дагы Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде Франция өткөрбөй койгон жана АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэллди ал талкууда Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен жеңип чыккан. Ирактагы аскерий аракеттер аяктагандан кийин дагы президент Жак Ширак - согушту утуп алса эле, андан ал согуш мыйзамдуу болуп калбайт деп айтканы да белгилүү. Пауэлл болсо - Ирак маселеси боюнча АКШны колдобогон өлкөлөр жазаланат деп жарыялаган.

Дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн Эвиандагы жолугушуусунун алдында эл аралык саясатчылар Орусиянын Санкт-Петербург шаарында чогулду, бирок АКШ президенти Жорж Буш ага келе электе, Ширак Санкт-Петербургдан кетип калган. Вашингтондун саясатына каршы чыгып келген Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Буш Санкт-Петербургда да, Эвианда да жолуккан жок, ошондуктан Буш менен Ширак ортосундагы жолугушуунун болоор-болбосун байкоочулар чыдамсыздык менен күткөн.

Жыйырма беш мүнөткө созулган ал жолугушуудан кийин президент Буш тараптардын туруму мурдагы бойдон калгандыгы жөнүндө билдирди: "Биз баарын ачык эле айталы. Биз бир топ кыйынчылыктардан өттүк. Ширактын Ирак боюнча көз карашын мен түшүнөм, аны ал башынан эле баарыбызга жакшы түшүндүрдү. Анын туруму кандай экени тууралуу суроо жок. Менин турумум кандай экени да түшүнүктүү жана дал ошондуктан биздин өз-ара мамилебиз жакшы, анткени биз бир-бирибизден эч нерсени жашырбайбыз".

Ошентип, эки президенттин негизги көз караштары мурдагы бойдон калды жана аны алар ар башка ыкмалар менен көрсөттү. Мисал үчүн, АКШ азыр өзүн дүйнөдөгү жалгыз дөөлөт катары сезип турган учурда, Ширак Эвиандагы саммитке Кытай, Индия, Мисир, Малайзия сыяктуу өлкөлөрдүн жетекчилерин да чакырды. Жыйын учурунда Ширак Иран маселеси дипломатиялык жол менен гана чечилүүгө тийиш деп айтып, Тегеранга каршы Ирактагыдай согуш башталса, Париж ага каршы чыгаарын ачык билдирди. Эвиандагы бийик жолугушуунун чечимдеринин бири - Африка мамлекеттерине СПИД боюнча жардамды күчөтүүнү карайт, бирок президент Буш өзүнүн СПИД боюнча жаңы демилгесин Эвианда эмес, ага эки күн калганда Польшада жарыялады. Анын демилгеси боюнча, келерки беш жыл ичинде АКШ СПИДге каршы программага 15 миллиард доллар сарптайт.

Анткен менен жыйында Ширак Ооганстанга Франция кошумча аскер жибере турганын да айтты жана ал аракет АКШнын суранычы менен жасалып жатканын билдирди. Нью-Йорктогу дипломаттардан чыккан маалымат боюнча болсо үстүбүздөгү жылдын күз айларында президент Ширак АКШга атайын барып, президент Буш менен бийик жолугушуу өткөрөт, бирок бул маалыматты президенттик кызматтар ырастай элек.
XS
SM
MD
LG