Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Европадагы иш таштоо эл аралык каттамдарга кедерги болууда


Франция, Италия, Австриянын аба компаниялары менен темир жол системасында иш таштоо акциясы өтүп жаткандыктан, бүткүл Европанын унаа тармагы тушалып калды. Соңку бир апта аралыгында Францияда аба диспетчерлери 2-ирет ишке чыкпай койгондуктан, бул өлкөнүн аба каттамдарынын 80%ы үзгүлтүккө учурады. Алардан башка темир жол, метро, жүк ташуучу машинелердин айдоочулары жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери француз өкмөтүнүн өлкөдө пенсияга чыгуу курагын жогорулатуу демилгесине нааразылык билдирүүдө. Австриянын кесиптик кошундар федерациясы да өкмөттүн пенсиялык реформасына каршы чыгып, бир ай ичинде 3-жолу иш таштоо жарыялады. Италияда самолеттордо жүргүнчүлөрдү тейлөөчү стюардессалар жумуш орундарынын кыскартылышына каршы ишке чыкпай койсо, Германиянын чыгышында ири заводдордун жумушчулары иш күнүн кыскартып, Батыштагы башка өнөр жай ишканаларыныкына теңөөнү талап кылып, демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG