Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 21:21

Мадридде НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны ачылды


2 күндүк жолугушуусунда алар Ооганстандагы бейпилдик аракеттерин, Иракта жайгаштырылчу Польшалык аскерлерге жардам көрсөтүү маселелерин талкууламакчы. Жыйынды ачкан сөзүндө НАТОнун башкы катчысы Жорж Робертсон альянс – Евроатлантикалык коопсуздукту коргоодо башкы күч бойдон калып жатканына көңүл бурду. Ирактагы согушка карата ар башка позицияны карманган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү ортодогу биримдикти бекемдөөгө үндөп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG